# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-марты № 142 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-марты № 142 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24858/edition/5308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-марты № 142 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003587

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-марты № 142

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Саламаттык сактоо системасында илимий ишти өркүндөтүү максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
