Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-августу № 441 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтому менен бекитилген Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобонун 20-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгарууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 391 тескемеси;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 29-октябрындагы № 542 тескемеси.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Байсалов Эдил Жолдубаевич
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Максутов Алтынбек Аскарович
-
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Сейитов Чоро Сейитович
-
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары;
Авазбек уулу Расул
-
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Тагаев Марат Төлөмүшович
-
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Айдыралиев Токторбек Бактыярович
-
"Кыргыз улуттук Паралимпиада комитети" коомдук бирикмесинин президенти;
Карыбаев Урмат
-
"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын начальниги;
Акматова Динара Арслановна
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын катчысы.
Жекече (макулдашуу боюнча):
Калыбеков Нурланбек Осконалиевич
-
"Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Кулманбетов Жаныш Осмонович
-
"Кыргызстан театр ишмерлеринин союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Эралиева Каныкей Иманалиевна
-
Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор;
Джунушев Жакшыбек Дайырбекович
-
"Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Полотов Нурманбет Улукмырзаевич
-
"А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемесинин көркөм жетекчиси;
Мамбетакунов Молдосейит
-
журналист, телережиссер;
Мукул Бакытбек
-
режиссер, актер, сценарист.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 391 (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын…Распоряжение · 17.09.2021 · № 391 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин торагасынын 2021-жылдын 29-октябрындагы № 542 тескемеси (Аткаруу бийлигинин органдарынын системасындагы кайра түзүүлөргө жана кадрдык өзгөрүүлөргө…Распоряжение · 29.10.2021 · № 542 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2000 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 391 (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын…Распоряжение · 17.09.2021 · № 391 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин торагасынын 2021-жылдын 29-октябрындагы № 542 тескемеси (Аткаруу бийлигинин органдарынын системасындагы кайра түзүүлөргө жана кадрдык өзгөрүүлөргө…Распоряжение · 29.10.2021 · № 542 · Күчүн жоготкон