# Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылынын 20-февралындагы №2 “Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу” токтому

- Толук аталышы: Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылынын 20-февралындагы №2 “Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24855/edition/5290/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылынын 20-февралындагы №2 “Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу” токтому (20.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003581

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы

2024-жыл 20-февралы №1

“Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу”

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,

Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча

добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №2 протокол бекитилсин.

2. Бириккен Каргалык айыл аймагынын Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп депутат Мамбеталиева Рада Рысалиевна шайлансын.

3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына

Төрага:

Т.И.Токтоболотов

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

№2 ПРОТОКОЛ

2024-жылдын 20-февралы Казарман айылы

Төрагалык кылуучу: Токтоболотов Таалайбек Иманович Сессиянын катчылары: Орозова Жылдыз Токтобековна Жумабаев Эмилбек Жумабаевич Катышкандар:

Тогуз - Торо районундагы бириккен Каргалык айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны - 32, анын ичинен катышкандары - 28. “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобого ылайык, төрагалык кылуучу Токтоболотов Таалайбек Иманович бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды жана бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Мамбеталиева Рада Рысалиевнаны сунуштады. Депутат Бакасова Нурлана Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы Эпээва Винара Молдожумаевнаны сунуштады. Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына эки талапкер катталды.

1. Мамбеталиева Рада Рысалиевна - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты.

Эпээва Винара Молдожумаевна - Сары-Булуң айылдык кеңешинин тѳрагасы.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды:

1. Бириккен Каргалык айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны - 32 (отуз эки).

2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны - 28 (жыйырма сегиз).

3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны (алфавиттик тартипте):

1. Мамбеталиева Рада Рысалиевна - 17 (он жети) добуш.

2. Эпээва Винара Молдожумаевна - 10 (он) добуш.

3. Баарына каршы - 1 (бир) добуш.

Бириккен Каргалык айыл аймагынын Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын кѳпчүлүк добушун алган талапкер Мамбеталиева Рада Рысалиевна бириккен Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын шайланган орун басары деп таанылды.

Төрагалык кылуучу: Сессиянын катчылары:

К.Мамырова

Ж.Орозова

Э.Жумабаев
