# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 437
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003576>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24854/edition/5289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003576.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (28.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003576

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 28-августу № 437

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Айрым объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

- "А" категориясы (өтө маанилүү объектилер)" бөлүмүнүн "Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер" графасы төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имараттары (№ 1 жана № 2 корпустары)".

2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
