Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Орловка шаарынын кеңешинин «Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасынын кошумча кызматтар үчүн прейскурантты бекитүү жөнүндө» токтому
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXVI кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-октябры № 127/26-28
"Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасынын кошумча кызматтар үчүн прейскурантты бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасынын кошумча кызматтар үчүн прейскурантты карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасынын кошумча кызмат көрсөтүүлөр прейскурантты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы кошумча кызматтардын прейскурантын жалпы маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – У.Б.Осмоналиевге жана Орловка шаарынын вице-мэри – К.Ч.Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага
М.И.Токтакунов
Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 127/26-28 токтомунун тиркемеси
“Орловка суу каналы” муниципалдык ишканасынын кошумча кызматтар үчүн прейскурантты
№
Кызматтардын тизмеси
Өлчө бирдиги
Тарифтер
1
Магистралдык канализацияга кошууга техникалык шарттарды берүү
Бир жолку кызмат
840,00
2
Магистралдык суу түтүктөрүнө кошууга техникалык шарттарды берүү
Бир жолку кызмат
885,00
3
Канализация тазалоо
1 саат
433,00
4
Экскаватор кызматтары
1 саат
3 500,00
5
Ассенизатор уна кызматтар
1 саат
2 200,00
6
Абоненттик суу менен камсыздоо тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн ичүүчү сууну өчүрүү/кошулуу кызматтары
Бир жолку кызмат
379,00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139