Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 80 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 „Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2024-жылдын 20-марты ПЖ № 80
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- "Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети" жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү мекемеси.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 23 (3576) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.