# Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябры № 123/24-28 “Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябры № 123/24-28 “Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123/24-28
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24804/edition/5215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 29-сентябры № 123/24-28 “Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому (29.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003494

---

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы

2023-жылдын 29-сентябры № 123/24-28 Жер тилкенин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине ылайык, ошондой эле Кашка айылынын тургуну А.К.Абираевдин коду 7-05-03-1003-0050 жалпы аянты 501,30 кв.м өздүк жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө арызын карап жана талкуулап чыгып мамлекеттик акт боюнча Кашка айылы, Восточная көчөсү №3а дарегинде жайгашкан, Орловка шаарынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

Мечит куруу үчүн жеке турак жай курулушунун жерлеринен Восточная көчөсү №3а дарегиндеги өздүк жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
