Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 480 токтомуна)
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ЭИКВК) максатын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана иш тартибин аныктайт.
2. ЭИКВК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. ЭИКВК коллегиалдуу-консультативдүү кеңешүүчү орган түрүндө түзүлөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Максаты, милдеттери жана ыйгарым укуктары
4. ЭИКВКнын максаты Кыргыз Республикасында экстремисттик ишке натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана ишин өркүндөтүү болуп саналат.
5. ЭИКВКнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) улуттук жана эл аралык деңгээлде экстремисттик иштин тобокелдиктерине жана коркунучтарына ар тараптуу баа берүү;
2) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укук колдонуу практикасын, сапатын жана толук ишке ашырылышын талдоо, аны өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды даярдоо;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле коомдук бирикмелердин жана уюмдардын экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин кароо жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана координациясынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.
6. ЭИКВКнын ыйгарым укуктары:
1) функцияларына экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, коомдук бирикмелерди жана/же уюмдарды, көз карандысыз эксперттерди анын ишине катышуу үчүн чакыруу менен жыйналыштарга чакырат жана өткөрөт;
2) жыйналыштарда ЭИКВКнын курамына кирген мамлекеттик органдардын, ошондой эле аймактык ведомстволор аралык комиссиялардын кызмат адамдарынын отчетторун угат, тийиштүү жылга пландарды макулдашат, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыктарын талкуулайт;
3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана/же уюмдардын экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана өркүндөтүү боюнча чечимдерди өз компетенциясынын чегинде кабыл алат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын аларга экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
5) Кыргыз Республикасынын экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан экстремисттик ишке каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурайт жана алат;
6) ЭИКВКнын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жана адистерин, ошондой эле коомдук бирикмелердин жана/же уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) тартат;
7) ЭИКВКнын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
3. Ишти уюштуруу
7. ЭИКВКнын ишинин негизги формасы болуп жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлүүчү жыйналыштар саналат. Экстремисттик иштин коркунучтарынын күчөшүнүн белгилери пайда болгондо, кезексиз жыйналыштар өткөрүлөт. ЭИКВКнын жыйналыштары анын төрагасы бекиткен регламентке ылайык өткөрүлөт.
8. ЭИКВКнын төрагасы болуп кызмат орду боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси эсептелет.
9. Эгерде ЭИКВКнын жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, ал мыйзамдуу деп эсептелет.
10. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭИКВКнын ишин жыл сайын иш пландарды иштеп чыгуу, жыйналыштарга жумушчу материалдарды даярдоону жүзөгө ашыруу жана аларды өткөрүүнү уюштуруу, ошондой эле анын чечимдеринин аткарылышын контролдоо жолу менен камсыз кылат.
11. ЭИКВКнын жыйналыштары ар жылдык иш планга ылайык өткөрүлөт, ал комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашылат, анын төрагасы тарабынан бекитилет жана протокол менен таризделет. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдер ЭИКВКнын катышуучу мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
12. ЭИКВКнын жыйналыштарына материалдарды даярдоо Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү бөлүгү тарабынан жүзөгө ашырылат. ЭИКВКнын чечимдеринин долбоорлору каралып жаткан маселелер боюнча бардык маалымдама жана башка материалдар менен комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыштын белгиленген күнүнө чейин 7 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет. ЭИКВК тарабынан кабыл алынган чечимдерге анын төрагасы кол коёт.
13. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча ишти уюштурууга жооптуу кызмат адамын дайындайт.
4. ЭИКВКнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. ЭИКВКнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ЭИКВКнын жыйналыштарына катышууга, талкууланып жаткан маселелер боюнча сунуштарды, эскертүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүүгө;
2) ЭИКВК тарабынан кабыл алынган чечимдерди даярдоодо жана ишке ашырууда катышууга;
3) ЭИКВКнын мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды алууга жана таанышууга.
15. ЭИКВКнын мүчөлөрүнүн милдеттери:
1) жеке өзү ЭИКВКнын ишине катышат. Эгерде ЭИКВКнын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жыйналышка катыша албаса, ЭИКВКнын төрагасынын макулдашуусу боюнча анын милдетин аткаруучу кызмат адамы кеңешүүчү добуш берүү укугу менен жыйналыштарга катыша алат;
2) ЭИКВКнын кабыл алынган чечимдеринин алкагында жыйналыштарга маалыматтарды берет;
3) ЭИКВКнын чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
5. Аймактык ведомстволор аралык комиссиялардын иши
16. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоо, ошондой эле ЭИКВКнын чечимдерин облустук деңгээлде жана Бишкек, Ош шаарларында аткарууну камсыз кылуу максатында аймактык ведомстволор аралык комиссиялар (мындан ары - АВК) түзүлүшү мүмкүн.
17. АВК Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин төрагалыгына караштуу коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп саналат. АВКнын курамы ЭИКВКнын чечими менен аныкталат. АВКнын календардык жылга иш планы ал башталганга чейин бир айдан кеч эмес Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү бөлүгү менен макулдашуудан өтөт жана анын төрагасы тарабынан бекитилет.
18. АВКнын жыйналыштары жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда кезексиз жыйналыш чакырылат. АВКнын жыйналышы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин төрагалыгы астында өткөрүлөт. АВКнын кабыл алынган чечимдерине анын төрагасы тарабынан кол коюлат. Эгерде АВКнын жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, ал мыйзамдуу деп эсептелет. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдер АВКнын катышуучу мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
19. АВКнын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ЭИКВКнын кабыл алынган чечимдерин ишке ашыруу;
2) экстремисттик ишти алдын алуу боюнча профилактикалык ишти уюштуруу;
3) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программаларды (пландарды) контролдоону жүзөгө ашыруу жана ишке ашырууну камсыз кылуу;
4) жер-жерлерде экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5) региондордогу экстремисттик иш менен байланышкан ыкчам кырдаалды, мүмкүн болуучу коркунучтарды жана алардын көрүнүштөрүн жалпылоо, талдоо жана болжолдоо;
6) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттер.
20. АВК Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэри тарабынан ЭИКВКнын чечими менен түзүлөт.
21. АВКнын төрагасы топтун ишине жетекчилик кылат, анын жыйналыштарын уюштурат жана өткөрөт, кабыл алынган чечимдерге кол коёт жана алардын аткарылышын контролдойт.
22. АВКнын мүчөсү анын жыйналыштарында болууга, күн тартибиндеги маселелерди талкуулоого катышууга, кабыл алынган чечимдерди даярдоого жана ишке ашырууга милдеттүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 24.02.2023 · № 40
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 480 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын айрым маселелери…Постановление · 18.09.2023 · № 480