# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 480 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 480 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 480
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24773/edition/5177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 480 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын айрым маселелери жөнүндө" токтому (18.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003456

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 18-сентябры № 480

Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын айрым маселелери жөнүндө

"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров

2-тиркеме

Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы.
