# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 "Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 "Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24761/edition/5164/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 "Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө" токтому (10.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003441

---

Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 02 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 30-октябры № 01 Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө Кара-Балта шаардык кеңешинин регламентинде каралган чечимдерди кабыл алуу тартиби бузулгандыктан, ошондой эле бул маселе бир гана туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунда каралгандыгын эске алуу менен, жергиликтүү жамааттын катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде көрсөтүлгөн, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинде каралган маалымкат-негиздеме жана эксперттик корутундулар берилбегендигине байланыштуу, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Красно-Восток айыл аймагынын Калининское айылын шаарга кошуу жолу менен Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү боюнча Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу четке кагылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
