# Беловодск айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-сентябры № 147 "Жаңы бириккен айыл аймагынын аталышы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Беловодск айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-сентябры № 147 "Жаңы бириккен айыл аймагынын аталышы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24747/edition/5144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Беловодск айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-сентябры № 147 "Жаңы бириккен айыл аймагынын аталышы жөнүндө" токтому (30.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003422

---

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 30-сентябры № 147

Жаңы бириккен айыл аймагынын аталышы жөнүндө

2022-жылдын 18-октябрь № 350 Кыргыз Республикасынын Президентинин "“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 7 жана 17-бөлүктөрү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Москва районунда административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Москва районунун Первомайск жана Беловодск эки айыл аймагын пилоттук режимде бириктирүүнүн натыйжасында бир айыл аймак жаңы түзүлгөн административдик – аймактык бирдиктин аталышын "Беловодск айыл аймагы" катары калтыруу сунушу киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.

Төрага

Т. К. Кулжанов
