# Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 10 "Савай айылынын көчөлөрүнө Баткен согушунда каза болгон Урайимов Эламан Курстановичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 10 "Савай айылынын көчөлөрүнө Баткен согушунда каза болгон Урайимов Эламан Курстановичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24736/edition/5132/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Савай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 10 "Савай айылынын көчөлөрүнө Баткен согушунда каза болгон Урайимов Эламан Курстановичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (31.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003411

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) 2023-жылдын кезектеги 1 сессиясы 2023-жылдын 31-январы № 10 Савай айылынын көчөлөрүнө Баткен согушунда каза болгон Урайимов Эламан Курстановичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү ЖОБО кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №387 токтомунун редакциясына ылайык. Савай 23, Савай 24, Савай 25 көчөлөрүнүн тургундарынын арызын карап чыгып Савай айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Савай айыл өкмөтүнүн Савай айылындагы Савай 23, Савай 24, Савай 25 көчөлөрүнө Баткен согушунда каза болгон Урайимов Эламан Курстановичтин ысымы ыйгарылсын.

2. Савай айыл өкмөтүнүн Савай айылындагы Савай 25 көчөсүнө Урайимов Эламан 1 көчөсү, Савай 24 көчөсүнө Урайимов Эламан 2 көчөсү, Савай 23 көчөсүнө Урайимов Эламан 3 көчөсү деп өзгөртүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кара-Суу райондук башкармалыгына сунушталсын.

4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н.Абдумалик уулу
