# Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65 "Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65 "Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24723/edition/5119/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65 "Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө" токтому. (09.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003394

---

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XXV-сессиясы 2024-жылдын 09-февралындагы № 65

Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкесине ипотекалык үй куруу жөнүндө.

Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 Жарлыгындагы жер участоктор калкка турак жай куруу үчүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү тапшырмасын аткаруу максатында Жети-Өгүз айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынынXXV –кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чырак жана Желе-Дөбө айылынын ортосунда жайгашкан эски курулуштун орду 9 гектар жер тилкеси ипотекалык үй куруу үчүн“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп,салынган турак жайлар айыл өкмөтүнө караштуу алты айылга Курорт Жети-Өгүз, Жети-Өгүз,Ак-Кочкор,Желе-Дөбө,Чырак,Кабак айылынын тургундарына жеңилдетүү шарты менен берилсин.Жер тилкесине 3 (үч)жылдын ичинде курулуш иштери башталбаса жер тилкеси кайра айыл өкмөтүнө алынсын.

2. Жогорудагы жер тилкесин берүүдө тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Иманбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага Ургаипов Б
