# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-мартындагы ПТ N 54 (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдөн сурдокотормо кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда улуттук режимден алып салууну белгилөө тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-мартындагы ПТ N 54 (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдөн сурдокотормо кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда улуттук режимден алып салууну белгилөө тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19118/edition/5081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-мартындагы ПТ N 54 (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдөн сурдокотормо кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда улуттук режимден алып салууну белгилөө тууралуу) тескемеси (15.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003348

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 15-марты ПТ № 54 Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдөн сурдокотормо кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда улуттук режимден алып салууну белгилесин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
