Орловка шаардык кеңешинин «Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер тилкени кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-марты № 47/10-28
Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер тилкени кабыл алуу жөнүндө
Орловка шаарынын Чкалова көчөсүнүн №11/4 үйүндө жашаган В.В.Труновдун “Жер тилке бөлүп берүү жөнүндө” арызы менен таанышып жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарынын Кудряшова көчөсү номерсиз дарегиндеги автомайбекеттин чыгыш тарабында жайгашкан аянты 4000,0 кв.м. жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пункту, 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде,Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Кудряшова көчөсү номерсиз дарегиндеги автомайбекеттин чыгыш тарабында жайгашкан аянты 4000,0 кв.м. жер тилкеси Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынсын.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Кемин филиалынан аталган жер тилкеге укук күбөлөндүрүүчү документтери алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага
М.И.Токтакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37