# Орловка шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 89/18-28 "Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана атын “Кашка” деп өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 89/18-28 "Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана атын “Кашка” деп өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 89/18-28
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24674/edition/5058/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 89/18-28 "Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана атын “Кашка” деп өзгөртүү жөнүндө" токтому (31.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003325

---

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 89/18-28 Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана атын “Кашка” деп өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-п. 34-беренесине ылайык, Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушунун тургундары менен өткөн чогулуштун протоколуна ылайык жашоочулардын чечимин эске алуу менен, ошондой эле Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун “Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана атын “Кашка” деп өзгөртүү жөнүндө” кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаар типтеги поселок «Бордунский» калктуу конушуна айыл категориясы (статусу) берилсин, «Кашка» айылы деп аталсын.

2. Орловка шаарынын мэриясы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Орловка шаарынын мэриясынын административдик аймагында жайгашкан Шаар типтеги поселок «Бордунский» калктуу конушун айыл категориясын (статусун) берүү жана “Кашка” деп атын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри- Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
