Орловка шаардык кеңешинин «Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана атын “Кашка” деп өзгөртүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 89/18-28 Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана атын “Кашка” деп өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-п. 34-беренесине ылайык, Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушунун тургундары менен өткөн чогулуштун протоколуна ылайык жашоочулардын чечимин эске алуу менен, ошондой эле Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун “Шаардык типтеги поселок “Бордунский” калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана атын “Кашка” деп өзгөртүү жөнүндө” кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар типтеги поселок «Бордунский» калктуу конушуна айыл категориясы (статусу) берилсин, «Кашка» айылы деп аталсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Орловка шаарынын мэриясынын административдик аймагында жайгашкан Шаар типтеги поселок «Бордунский» калктуу конушун айыл категориясын (статусун) берүү жана “Кашка” деп атын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри- Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага
М.И.Токтакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65