# Орловка шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 88/18-28 “Подгорное” калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 88/18-28 “Подгорное” калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88/18-28
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24671/edition/5056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январы № 88/18-28 “Подгорное” калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жөнүндө" токтому (31.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003323

---

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 88/18-28 “Подгорное” калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-п. 34-беренесине ылайык, “Подгорное” калктуу конушунун тургундары менен өткөн чогулуштун протоколуна ылайык жашоочулардын чечимин эске алуу менен, ошондой эле Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Подгорное" калктуу конушуна айыл категориясы (статусу) берилсин, “Подгорное” айылы деп аталсын.

2. Орловка шаарынын мэриясы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Орловка шаарынын мэриясынын административдик аймагында жайгашкан "Подгорное" калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) берүү жана “Подгорное” деп атын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
