Орловка шаардык кеңешинин “Подгорное” калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХVIII кезектеги сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 88/18-28 “Подгорное” калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-п. 34-беренесине ылайык, “Подгорное” калктуу конушунун тургундары менен өткөн чогулуштун протоколуна ылайык жашоочулардын чечимин эске алуу менен, ошондой эле Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Подгорное" калктуу конушуна айыл категориясы (статусу) берилсин, “Подгорное” айылы деп аталсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Орловка шаарынын мэриясынын административдик аймагында жайгашкан "Подгорное" калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) берүү жана “Подгорное” деп атын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага
М.И.Токтакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65