# Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 07-июлундагы № 109/22-28 "Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер аянты 18 м² жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 07-июлундагы № 109/22-28 "Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер аянты 18 м² жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 109/22-28
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24644/edition/5028/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаарынын кеңешинин 2023-жылдын 07-июлундагы № 109/22-28 "Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер аянты 18 м² жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө" токтому (07.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003294

---

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 07-июлундагы № 109/22-28

Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер аянты 18 м² жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун Орловка шаарынын мэриясынын балансына Орловка шаарынын Школьная н/ж көчөсү Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аянты 18 м² жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, "Муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орловка шаарынын Школьная н/ж көчөсү Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 18 м2 жер тилкесин Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынсын.

2. Бул жер тилкесине укукту күбөлөндүрүүчү документтерди Кемин филиалынан "Кадастр"мамлекеттик ишканасынан алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Б.М. Шакировго жана Орловка шаарынын мэри - Б. А. Чанчаровго жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
