# Орловка шаарынын кеңешинин 2022-жылдын 14-октябры № 69/15-28 "Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер тилкени кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаарынын кеңешинин 2022-жылдын 14-октябры № 69/15-28 "Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер тилкени кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 69/15-28
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24635/edition/5017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаарынын кеңешинин 2022-жылдын 14-октябры № 69/15-28 "Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер тилкени кабыл алуу жөнүндө" токтому (14.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003284

---

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХV кезекcиз сессиясы

2022-жылдын 14-октябры № 69/15-28

Орловка шаарынын мэриясынын балансына жер тилкени кабыл алуу жөнүндө

Орловка шаарынын мэри Б.А.Чанчаровдун №96 контурундагы Жаңы-Алыш-Орловка жолунун чыгыш жагында жайгашкан жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пункту, 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде,Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №96 контурундагы Жаңы-Алыш-Орловка жолунда түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан аянты 1га жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынсын.

2. “Кадастр” мамлекеттик мекеменин Кемин филиалынан аталган жер тилкеге укук күбөлөндүрүүчү документтери алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.М.Шакировго жана мэриянын жер адиси Т.Н.Темиркановго жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
