# Лейлек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 14/03 "Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Лейлек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 14/03 "Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/03
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24611/edition/4987/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лейлек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 14/03 "Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө" токтому (27.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003257

---

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 27-сентябры № 14/03 Мыйзамсыз курулуп калган турак-жайларга Мунапыс берүү жөнүндөгү токтомго катталбай калып кеткен атуулдардын турак жайларын кошумчатизмеге киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1-т токтомуна ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз салынган турак-жайларды мыйзамдаштырууда тизмеге кирбей калган турак-жайларды кошумча тизмеге киргизүү тууралуу Лейлек айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетекчөөчү адисинин милдетин аткаруучу Бектемиров Мусурманкулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Лейлек айылдык кеңешинин ХІV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-январындагы №1-т токтомуна ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз салынган турак-жайларды мыйзамдаштыруу максатында тизмеге кирбей калган турак-жайлар №1 тиркемедеги тизмеге ылайык мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзамсыз салынганы такталган турак-жайлардын ар бирине 0,10 га дан жер бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, коммуналдык, курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т. Т. Мукарамов.
