# Орловка шаардык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 143/28-28 "Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаардык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 143/28-28 "Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143/28-28
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24600/edition/4967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаардык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 143/28-28 "Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (31.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003244

---

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХХVIII кезектеги сессиясы 2024-жылдын 31-январы № 143/28-28 Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 1 жана 3 пункттарына ылайык, Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин төрагасы – Д.С.Сарбаевдин жана бухгалтери – Г.Ф.Курносованын маалыматын угуп жана талкуулап, жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Орловка шаарынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету эске алынсын. ( №1 тиркеме).

2. 2024-жылга Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин бюджети бекитилсин. (№2 тиркеме)

3. Малды жаюу боюнча мурда бекитилген тарифтер өзгөрүүсүз калтырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет менен финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
