Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу „Санарип билим берүү борбору“ мамлекеттик мекемеси жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 23 января 2026 года № 23 "О некоторых вопросах подведомственных подразделений, учреждений и организаций Министерства просвещения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-01-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-сентябры № 448
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин төмөнкүдөй маалыматтык системаларынын оператору болуп аныкталсын:
- билим берүүнү башкаруу (ББМС);
- "Электрондук мектеп";
- "Билим берүү уюмдарын электрондук лицензиялоо жана аккредитациялоо";
- билим берүү уюмдарынын (бирдиктүү аянтча) жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайттары;
- "Балдарды мектепке жана бала бакчаларга кабыл алуу";
- "Жогорку окуу жайларга, кесиптик орто окуу жайларга жана кесиптик лицейлерге онлайн кабыл алуу";
- "Санарип дарбазалар";
- "Чет өлкөлөрдөгү студенттер";
- "Оку" видео сабактар порталы;
- "Китеп" электрондук китепкана;
- "ibilim" билим берүү порталы;
- "Билим булагы" билим берүү порталы.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси 2024-2027-жылдарга төмөнкүдөй маалыматтык системаларды иштеп чыксын жана оператор болсун:
- "Аттестаттар маалыматтар базасы";
- "Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук тарификациясы жана штаттык расписаниеси";
- "Акселератор";
- "Мугалимдерди баалоо";
- "БИМ".
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 251-тиркеме менен толукталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) ведомстволук мекемелердин штаттык бирдиктеринин чегинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесине эмгек акы төлөө фонду менен 20 штаттык бирдик өткөрүп берсин, анын ичинде:
- Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунан - 8 штаттык бирдик;
- Кыргыз билим берүү академиясынан - 8 штаттык бирдик;
- "Окуу китеби" республикалык илимий-практикалык борборунан - 6 штаттык бирдик;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
2-тиркеме
"251-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Штаттык саны
Эселөө коэффициенттери
1
Директор
1
13,50
2
Долбоордун координатору
1
13,00
3
Архитектор (долбоорлоочу)
1
13,00
4
Бизнес-аналитик
2
9,95
5
Башкы программист
1
13,50
6
Программист
8
13,00
7
Программист (Frontend)
2
11,37
8
Системалык администратор (тармактар жана маалымат базалары, маалыматтык коопсуздук)
2
13,00
9
Башкы бухгалтер (бухгалтерия, кадрлар бөлүмү)
1
3,84
10
Инженер (юрист, сатып алуучу, иш кагаздарын жүргүзүүчү)
1
2,56
Жалпы
20
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацы жана 3-пункту колдонулбайт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана…Постановление · 23.01.2026 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санарип билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 07.09.2023 · № 448 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 02.07.2025-ж., № 391 токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана…Постановление · 23.01.2026 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2025 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз…Постановление · 01.08.2022 · № 434 · Күчүн жоготкон