# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 693
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24564/edition/4838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003176

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-декабры № 693

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык)

Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайынын жетекчисин дайындоо тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:

- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайынын жетекчисин дайындоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз жүзөгө ашырылат.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
