2-берене
Күчүндө · 19.03.2024 редакциясы
"Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 2-пунктунда "аларга" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-статьянын 1-пунктунда "ишкердик иш үчүн пайдаланылуучу" деген сөздөр алып салынсын;
3) 4-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- лизинг берүүчү - лизинг келишимин ишке ашыруунун жүрүшүндө тиешелүү лицензиясынын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте мүлктү өзүнүн жана/же заемдук каражаттардын эсебинен менчикке сатып алып жаткан жана аны белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү бир шарттарда белгилүү бир акыга лизинг алуучуга лизинг предмети катары убактылуу ээлик кылууга жана лизинг предметине менчик укугунун лизинг алуучуга өтүүсү менен же өтпөстөн пайдаланууга берип жаткан юридикалык жак;";
4) 5-статьянын 4-пунктунда "жана/же жеке" деген сөздөр алып салынсын;
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 51-статья менен толукталсын:
"51-статья. Лизинг ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Лизинг иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
6) 7-статьянын төртүнчү абзацында "ишкердик максат үчүн" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 19.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Финансылык ижара (лизинг) жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 121
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230003165/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>