# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 123 "Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 123 "Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24546/edition/4776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230003148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 123 "Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (19.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003148

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 19-марты № 123

Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 792 "Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибин бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун жыйырма экинчи абзацы.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
