Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик менчикти Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-марты № 125
Мамлекеттик менчикти Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Ар бир балага мектепке чейинки билим берүүнүн адилеттүү жана коопсуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 91 токтомуна, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Ош облусунун Өзгөн районунун "Өзгөн балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Ош облусу, Өзгөн району, Дөң-Булак айыл өкмөтү дареги боюнча жайгашкан аянты 0,61 га жанаша жер участогу менен бала бакчанын эки кабаттуу имаратын (идентификациялык коду 5-06-03-1006-0006) мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдалануу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнө сунушталсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү имаратты жанаша жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
2) имаратты жанаша жер участогу менен белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү жана аны мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары пайдалануу;
3) жергиликтүү бюджеттин эсебинен толук капиталдык оңдоону жүргүзүү жолу менен мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
4) өткөрүп берилүүчү имаратты жанаша жер участогу менен андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө жана аны күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 91 "Өзгөн районундагы Кара-Дарыя айылындагы Балык чарбасынын карамагындагы бала бакчаны Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн…Постановление · 27.11.2023 · № 91