Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмдүк жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси (Аламүдүн айылдык кеңешинин токтомуна ылайык)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 80-28 токтомуна 3-тиркеме
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмдүк жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси
№
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучусунун аталышы
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз)
1. Социалдык кызматтар
1.1
Кирешеси төмөн үй-бүлөлөргө коммуналдык кызматтарды төлөөгө субсидия берүү
Акысыз
1.2
Аз камсыз болгон пенсионерлерге, карыларга көмүр алууга акча түрүндө материалдык жардам берүү
Акысыз
1.3
Оор турмуштук кырдаалда кабылган балалуу үй-бүлөлөргө психологиялык, юридикалык социалдык жактан жардам берүү
Акысыз
1.4
Оор турмуштук кырдаалга кабылган айыл аймагынын тургундарына социалдык мекемелерде социалдык, реабилитациялык жана медициналык кызматтарды көрсөтүү
Акысыз
1.5
Аз камсыз болгон пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга чач тарач кызматтарын көрсөтүү (аутсорсинг аркылуу)
Акысыз
2. Муниципалдык жана жеке менчик объектилерине укуктарды берүү жана
аныктоо жаатындагы кызматтар
2.1
Айыл аймагынын башкы планына ылайык жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун чек арасын тактоо
Акы төлөнөт
2.2
Муниципалдык менчик объектисин ижарага алуу келишиминин дубликатын же ага кошумча макулдашуу берүү
Акы төлөнөт
2.3
Батирди/үйдү менчиктештирүү учурундагы үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат берүү (№ 50 форма)
Акысыз
2.4
Курулуштун негизинде имараттардын өзгөрүшүнө (имараттардын (жайлардын) багытын өзгөртүүгө) байланыштуу калктуу конуштагы жерди пайдалануунун уруксат берилген түрүн өзгөртүү жөнүндө ЖӨБ органынын чечимин берүү
Акы төлөнөт
3. Маданий жана билим берүү кызматтары
3.1
Муниципалдык китепканалардын фонддорунда сакталган документтерди жана китептерди үйгө убактылуу колдонууга берүү
Муниципалдык китепкана
Акы төлөнөт
3.2
Адабияттарды жана документтерди электрондук (сканерленген) түрдө берүү
Муниципалдык китепкана
Акы төлөнөт
3.3.
Интернетке кирүү/пайдалануу боюнча кызматтарды көрсөтүү
Муниципалдык китепкана
Акы төлөнөт
3.3
Балдарды жана жаштарды тил курстарында окутуу
Балдарга билим берүү борбору
4. Балдар жана жаштар үчүн спорттук билим берүү кызматтары жана бош
убактысын уюштуруу боюнча кызматтар
4.1
Балдарды жана жаштарды спорттун ар кандай түрлөрүнө үйрөтүү
№ 1 жана № 2 орто мектептер
Акы төлөнөт
4.2
Каникул мезгилинде мектеп окуучуларынын балдардын күндүзгү лагерлеринде эс алуусун уюштуруу
Аламүдүн айыл өкмөтү
Акысыз
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.