# Кегети айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-январындагы № 15 "Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кегети айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-январындагы № 15 "Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230003077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24490/edition/4656/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кегети айылдык кеңешинин 2021-жылдын 11-январындагы № 15 "Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө" токтому (11.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230003077

---

КЕГЕТИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кегети айылдык кенештин XXVII чакырылган кезектеги XXXXVIII отуруму

2021-жылдын 11-январындагы № 15

Советское айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Кегети айылдык кенештин төрагасы А.С.Абдрахманов Советское айылынын тургундарынан түшкөн кайрылуу менен тааныштырды. Ал кайрылууда Кегети асыл тукум совхозунда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген агроном Алдажанов Жыргал атанын ысымын Восточная көчөсүнө берүүнү суранышкан. Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 мыйзамынын 7-беренесине ылайык депутаттар угуп, талкуулап Кегети айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Советское айылындагы Восточная көчөсүнө “Жыргал” атанын ысымы ыйгарылсын.

2. Советское айылындагы Восточная көчөсү “Жыргал” көчөсү болуп аталгандыгына байланыштуу КРӨ караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынан, Чүй РЭСинен тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жана турак жайларды каттоо убагында үйдүн катар номерлери өзгөргөн учурда такталарды жаӊыртып алмаштыруу, көчөнүн тазалыгын, жарыктарын жана таш төгүп иретке келтирүү жагы балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

3. Көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

Кегети айылдык Кенешинин

төрагасы

А.Абдрахманов
