Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 693
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайынын жетекчисин дайындоо тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 1.9-пунктта:
төртүнчү абзац "ички иштер" деген сөздөрдөн кийин ", улуттук коопсуздукту камсыз кылуу" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз ишке ашырылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайынын жетекчисин дайындоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз жүзөгө ашырылат.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо…Постановление · 29.07.2022 · № 418
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адистештирилген…Постановление · 21.12.2023 · № 693
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2004 года №53 " Об утверждении нормативных и правовых актов, регулирующих деятельность образовательных организаций высшего и среднего…Постановление · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон