# Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабры № 99 "2022-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабры № 99 "2022-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24402/edition/4531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабры № 99 "2022-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу" токтому (27.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002973

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 27-декабры № 99

2022-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 16005227,7 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 14695713,4 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 1309514,3 миң сом суммасында бекитилсин.

2. Кирешелердин кээ бир түрлөрү, салык эмес түшүүлөр боюнча жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр боюнча бекитилген пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылбагандыгы, Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун жана тапшырмаларынын аткарылбагандыгы, ошондой эле, бюджетте каралган каражаттардын өз убагында жана толук өздөштүрүлбөгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментти тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын, Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын, административдик райондордун башчыларынын, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын начальнигинин, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменттин, мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын начальниктеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышына контролду күчөтсүн; салык боюнча өнбөгөн калдыктар, дебитордук карызды өндүрүү жана насыялык карызды жоюу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана 2024-жылдын 1-февралына чейин Бишкек шаардык кеңешине маалымат берсин; атайын каражаттарды божомолдоо, пландоо жана пайдалануу боюнча иштин сапатын жогорулатсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

К.Конгантиев
