Бишкек шаардык кеңешинин «2022-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 99
2022-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 16005227,7 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 14695713,4 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 1309514,3 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кирешелердин кээ бир түрлөрү, салык эмес түшүүлөр боюнча жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр боюнча бекитилген пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылбагандыгы, Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун жана тапшырмаларынын аткарылбагандыгы, ошондой эле, бюджетте каралган каражаттардын өз убагында жана толук өздөштүрүлбөгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарынын, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментти тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын, Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын, административдик райондордун башчыларынын, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын начальнигинин, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменттин, мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын начальниктеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышына контролду күчөтсүн; салык боюнча өнбөгөн калдыктар, дебитордук карызды өндүрүү жана насыялык карызды жоюу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана 2024-жылдын 1-февралына чейин Бишкек шаардык кеңешине маалымат берсин; атайын каражаттарды божомолдоо, пландоо жана пайдалануу боюнча иштин сапатын жогорулатсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59