# Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 5-мартындагы №2 "“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 5-мартындагы №2 "“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002961>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24391/edition/4518/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2024-жылынын 5-мартындагы №2 "“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө" токтому (05.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002961

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын

2024-жыл 5-марты №2

“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” ЖОБОну жетекчиликке алып Достук айыл өкмөтүнө караштуу № 108 кесиптик окуу жайына ат берүү жөнүндө Достук айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 33-сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап токтом кылат:

1.“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак-дарактар эгилген жерге Мамасадыков Дүйшалынын ысымы ыйгарылсын.

2.Мындан ары Мамасадыков Дүйшалы атындагы көп жылдык бак деп аталсын.

3. Бул токтом Достук айыл өкмөтүнүн Dostukao.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет..

Айылдык кеңештин төрагасы

Н.Мадалиев
