Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек Шаардык Кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №140 “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кенеша КР от 30 июня 2026 года № 110 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков в срочное (временное) пользование на условиях аренды в городе Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-30.
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 110 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жыл 4-март № 115 Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №140 “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жер пайдалануу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №140 токтому менен бекитилген “Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 14-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“14. Ыйгарым укуктуу орган ушул жобонун 11-13-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ижара төлөмүнүн наркын көбөйтүү менен жер участогун пайдалануу укугунун мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө буйрук чыгарат:
1) эгерде бузуулар, четтөөлөр жана чектөөлөр жок болсо - 10 пайызга, анын ичинде кандайдыр бир объекттерди долбоорлоо жана куруу, ошондой эле жайгаштыруу каралбаган жер участокторго;
2) эгерде жер участогуна курулуш түшпөсө, бирок архитектуралык-пландоо шарттары бар жана ижара төлөмдөрү боюнча карызы жана башка бузуулар жок болсо - 30 пайызга;
3) эгерде жер участогуна курулуш түшпөсө, уруксат документтери жок, бирок ошону менен бирге ижара төлөмдөрү боюнча карызы жана башка бузуулар жок болсо - 100 пайызга.
Мөөнөтү аяктаган ижара келишими менен жер участогун пайдалануу укугу ушундай эле мөөнөткө узартылат.”;
б) 17-пункттагы “комиссиянын чечиминин негизинде” деген сөздөр алынып салынсын;
в) 23-пункттагы “жөнөкөй шериктештик (бирдиктүү иш-аракеттер) келишимин жана” деген сөздөр алып салынсын;
г) 29-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“29. Үлүштүк курулуш келишимин түзүүгө макулдук жеке ишкер болуп саналган ижарачыга - жеке жакка; пландаштырылган иш-аракет ижара келишиминин шарттарына ылайык келгенде, коммерциялык уюм болуп саналган ижарачыга - юридикалык жакка берилет. Үлүштүк курулуш келишимин түзүүгө макулдук жер участогун пайдалануу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүү үчүн негиз болуп саналбайт жана жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын кароосун талап кылбастан арыз катталган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ижарачыга берилет.”;
д) 30-пункттагы “Жөнөкөй шериктештик (биргелешкен иш) келишимин же” деген сөздөр алып салынсын;
е) 35-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
“35. Төмөндөгүлөргө макулдук берүүгө жол берилбейт:
жер участокторун бириктирүүгө;
жер участогуна укукту чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым же өндүрүштүк кооперативдерге пайлык төгүм катары киргизүү үчүн.”.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 110 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 30.06.2026 · № 110
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 (Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу…Постановление · 14.01.2020 · № 140 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон