# Сакалды айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 2 "Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2022-жылдын 5-декабрындагы кезексиз ХVIII -сессиясынын №1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сакалды айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 2 "Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2022-жылдын 5-декабрындагы кезексиз ХVIII -сессиясынын №1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24323/edition/4425/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сакалды айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 2 "Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2022-жылдын 5-декабрындагы кезексиз ХVIII -сессиясынын №1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (13.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002871

---

САКАЛДЫК АЙЫЛ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

2023-жылдын 13-сентябры № 2

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2022-жылдын 5-декабрындагы кезексиз ХVIII -сессиясынын №1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20- октябрындагы №123 Мыйзамынын 39-б ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XХVII сессиясы токтом кылат:

1. Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2022-жылдын 5-декабрындагы кезексиз ХVIII -сессиясынын №1 токтому менен 2027 аскердик бөлүгүнүн Сакалды чек ара заставасынын жаны имаратынын капиталдык курулушу үчүн Чоң-Багыш айылынын №190 контурунан 1,0 га жер тилке ажыратып берүү боюнча токтому төмөндөгү негиз менен жокко чыгарылсын;

-Ноокен районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2023-жылдын 5- сентябрындагы №594 чыгыш сандуу катына ылайык бул жер тилке Кыргыз Республикасынын “Сууну коргоочу зооналар жана суу обьектилер жөнүндөгү”1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомуна ылайык дал келбестигин билдирүү менен каршы пикир келтирилгендигине байланыштуу;

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

Тѳрага

А.Нишанбаев
