# Кайыңды шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы № 91/XXVI – 1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы № 91/XXVI – 1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 91/XXVI – 1
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-24283/edition/4346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы № 91/XXVI – 1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө" токтому (09.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002801

---

Кайынды шаардык кеңешинин 2024-жылдын 9-апрелиндеги № 96/XXVIII-1 токтомуна ылайык ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТАБЫЛДЫ

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 30-январындагы № 91/XXVI – 1

Кайыңды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылынын 23- сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчигиндеги жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөнүп берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Типтүү Жобонун 3-бөлүмүнүн 7-пунктунун талаптарына ылайык, комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн кызмат орундарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1. Кайыңды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:Курамаев Н.Е. – Кайыңды шаарынын мэриясынын жер маселелери боюнча башкы адиси

2. Кайыңды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясына төмөнкүлөр киргизилсин:Сулайманов Р.Ж. – Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн башчысы

3. Кайыңды шаарынын мэриясынын кцрулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

1) Турдалы у. А. — Кайыңды шаарынын мэринин орун басары — комиссиянын төрагасы

2)Сулайманов Р.Ж. – Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн башчысы

3) Кабаев Э.О. - Кайыңды шаардык мэриясынын кирешелер бөлүмүнүн башкы адиси

4) Молдалиева Б.Ж. - "Алты - Бакан" бала бакчасынын башчысы

5) Мамыралиев И.К. - Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты

6) Мирнова И.Ю. – Кайынды №1 мектеп-лицейинин директору

7) Райымбеков Р.К. – Кайыңды шаарынын мэриясынын башкы адиси – юристи4.Кайыңды шаардык кеңешинин 07.09. 2022 - жылындагы № 47/XVI – 2 “Кайыңды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө” токтому жараксыз деп табылсын.

5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Э.Т. Иманкулов
