# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5315/edition/4319/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002792.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 15-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (15.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002792

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 15-марты № 70

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002792/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 86-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жактын статусуна ээ. Алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет. Аларды каттоо тартиби ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002792/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров

2024-жылдын 14-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
