# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002791)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 1-мартындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002791/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5314/edition/4307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002791/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө, 4-берене (01.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002791/st-4

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

3. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам ченемдеринин ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда, ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

4. Министрлер Кабинети Финансы министрлиги аркылуу жана Улуттук банк ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып он күндүн ичинде акциялардын пакетин сатып алуу жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзүшсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н.Жапаров

2024-жылдын 14-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002791/st-3)
