# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002787)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 28-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002787/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5313/edition/4302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002787/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (28.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002787/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-сентябры, № 100) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:

"е) тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда;";

б) 4-бөлүк "Ушул берененин" деген сөздөрдөн кийин "5 жана 6-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Менчигинин түрүнө карабастан, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасында жана 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери жана ээлери тамеки чегүү үчүн атайын орун жайларды бөлүп бере алышат жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдый алышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жайгашкан коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн атайын жайларды аныкташат жана камсыз кылышат. Тамеки чегүү үчүн орун жайларды жабдууга талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

2) 24-беренеде "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002787/st-2)
