# 9-берене. Сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашыруудагы кепилдиктер

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 9-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-9

---

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайына, жакын туугандарына же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жакка төмөнкүлөр кепилденет:

1) маркумдун сөөгүн жайга коюу үчүн керектүү тиешелүү документтерди (анын ичинде адамдын өлгөндүгүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкатты) каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып бир календардык күндүн ичинде токтоосуз берүү. Эгерде каза болгон себебин аныктоо үчүн маркумдун сөөгүн өлүкканага жайгаштыруу үчүн негиздер пайда болсо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайынын, жакын туугандарынын же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жактын талабы боюнча маркумдун сөөгүн берүү каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып 2 суткадан ашык мөөнөткө кармалбашы керек;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак анын каза болгондугу жөнүндө кабар алып, бирок алар тарабынан сөөктү жайга коюуну жүзөгө ашырууну кыйындатуучу жагдайлар болсо, каза болгон себеби аныкталган учурдан тартып маркумдун сөөгүнүн өлүкканада 3 жумушчу күнгө чейин акысыз туруу мүмкүндүгүн берүү. Каза болгон адамдын сөөгүнүн өлүкканада туруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайын, жакын туугандарын, башка туугандарын же болбосо мыйзамдуу өкүлүн издөө учурунда 7 күнгө чейин узартылышы мүмкүн;

3) каза болгон адамды көмүү үчүн керектүү документтер көрсөтүлгөндөн кийин, сөөк коюуга көрүстөндүн администрациясы тарабынан орун берүү.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-10)
