8-берене. Каза болгон адамдын керээзин аткаруу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир адамга ал өлгөндөн кийин анын керээзин эске алуу менен сөөгүн жайга коюу, ушул Мыйзамга ылайык сөөгүн жайга коюу үчүн белгиленген өлчөмдө жер участогун акысыз негизде берүү кепилденет.
2. Каза болгон адамдын сөөгүн мурда каза болгон туугандарынын (жубайынын) жанына коюу бош жер участогу брондолгон учурда кепилденет. Каза болгон адамдын сөөгүн башка учурларда ал көрсөткөн жайга коюу жөнүндө анын керээзин аткаруу мүмкүндүгү маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан аныкталат.
3. Мурда көмүлгөн жайдын жанындагы жердин бош участогундагы орунду кийин жубайын көмүү үчүн брондоо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын кассасына, же ал жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кассасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу, бекитилген тарифке ылайык акча каражаттары төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт.
4. Жубайы каза болгон учурда күйөөсүнүн (аялынын) жанына аны кийин көмүү үчүн орунду брондоого жол берилет.
5. Адам башка калктуу конушта же чет мамлекеттин аймагында каза болгон учурда (жүк 200) анын сөөгүн жайга коюу жөнүндө керээзин аткаруу каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу жана сөөктү коюу менен байланышкан чыгымдарды төлөө милдетин өзүнө алган жакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана чет мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү (маалымкатты), сөөктү ташууга уруксатты, жол жүрүү документтерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик чек арасынан өтүүгө документтерди алууга көмөктөшүү бөлүгүндө кепилденет.
6. Белгиленген көмөктөшүүнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтери) жана консулдук мекемелери, ошондой эле расымдык уюмдар көрсөтүшөт.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө НУСКАМАИнструкция · 14.02.2025 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 19.08.2025 · № 502
- Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №15 “Курама айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2026 · № 15
- Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-октябры № 41 "Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.10.2025 · № 41
- КР Министрлер Кабинетинин 19.08.2025-ж., № 502 токтомуПостановление · 19.08.2025 · № 502
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002783/st-8" title="8-берене - Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>