# 7-берене. Маркумдун керээзи

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 7-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-7

---

1. Эгерде каза болгон адамдын керээзин аткаруу мүмкүн болбогон жагдайлар жаралбаса, же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык же кылмыш-жаза мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, каза болгон адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттер анын керээзине толук ылайык жүзөгө ашырылышы керек.

2. Каза болгон адамдын керээзи жок болгон учурда, анын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттерге уруксат берүү укугуна Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары, ал эми мындайлар жок болсо - каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жактар, же болбосо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат ээ болот.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-8)
