# 6-берене. Сөөк коюлуучу жайлар (көрүстөндөр)

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 6-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-6

---

1. Көрүстөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз карамагында болот.

2. Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашаган жеринен маалымкат бар болсо, көмүү үчүн жайды каза болгон адамга акысыз берүүгө милдеттүү.

3. Жаңы көрүстөндөрдү түзүү экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Иштеп турган көрүстөндөрдү реконструкциялоо экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү коомчулуктун милдеттүү макулдулугун эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Учурдагы көрүстөндөр түртүп бузулууга тийиш эмес жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча гана жана жергиликтүү коомдоштуктун макулдугун эске алуу менен, ошондой эле суу каптоо, көчкү жүрүү коркунучу жаралган учурда, жер титирөөдөн жана башка табигый кырсыктардан кийин тарыхый-маданий мурас объекттерине карата маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундусу болгондо гана башка жерге которулушу мүмкүн.

5. Көрүстөндөр мурда жайгашкан аймактарды пайдаланууга алар жабылган мөөнөттөн отуз жыл өткөндөн кийин уруксат берилет. Тарыхый-маданий мурас объекттери болбосо, бул аймактар жаңы көрүстөндөр, жашыл бак-дарактарды отургузуу же тарыхый-маданий максаттар жана музейлештирүү үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Сыйынуу объекттерин кошпогондо, бул аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.

6. Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу болгондо, учурдагы көрүстөндөрдө каралбай калган эски мүрзөлөрдү көмүлгөн учурдан жыйырма беш жыл өткөндөн кийин экинчи жолу сөөк коюу үчүн пайдаланууга жол берилет. Мында бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет түйүнү аркылуу алдын ала жарыяланышы керек жана ошондон бир ай өткөндөн кийин гана көмүүгө уруксат берилет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-7)
