25-берене. Маркумду узатуу ишин уюштуруу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 4-глава
1. Маркумдун сөөгүн жайга коюуну ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашыруу кепилдиктери Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу жолу менен ишке ашырылат.
2. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү өзүн-өзү каржылоочу адистештирилген кызматтар жана бул чөйрөдө өз ишин жүзөгө ашыруучу расмий уюмдар тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Алардын карамагына расымдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү кирген маселелер боюнча адистештирилген кызматтардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана расымдык уюмдардын финансылык, уюштуруу иштери жана ишинин башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте диний жана улуттук каада-салттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
4. Расымдык уюмдардын реестри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында маркумду узатуу иши жаатындагы адистештирилген кызматка ушул Мыйзамга ылайык анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлүшү керек, мында маркумду узатуу иши жаатындагы мамлекеттик же муниципалдык менчик түрүндөгү адистештирилген кызматка артыкчылык берилет.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002783/st-25" title="25-берене - Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>