# 24-берене. Крематорийлер жана санитардык утилдештирүү

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049564)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783#diff=4298..57003>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 24-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-24

---

1. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 1-пунктунда саналып ɵткɵн биологиялык объекттерди термикалык жок кылуу (ɵрттɵɵ) үчүн адистештирилген техникалык курулмалар (крематорийлер) түзүлɵт.

2. Медициналык мекемелерде адистештирилген техникалык курулмаларды жайгаштыруу санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдар менен жɵнгɵ салынат.

3. Каза болгон адамдардын сөөктөрүн, адамдын боюнан алдырылган же өлүү төрөлгөн түйүлдүктɵрүн өрттөө үчүн адистештирилген техникалык курулмаларды пайдаланууга тыюу салынат.

4. Адистештирилген техникалык курулмалар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, чарбалык субъекттердин каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн. Мындай курулмаларды чарбалык субъекттердин каражаттарынын эсебинен курууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын курулушуна жана иштешине көмөк көрсөтөт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-25)
