# 22-берене. Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөр

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 22-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-22

---

1. Байыркы көрүстөндөр, массалык репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн жайлар, ошондой эле тирүү кезинде республиканын мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун баатыры статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар көмүлгөн көрүстөндөр тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөр болуп саналат.

2. Каза болгондорду тарыхый-маданий мааниге ээ болгон аймактарга көмүүгө тыюу салынат.

3. Массалык репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жайларда, ошондой эле байыркы көрүстөндөрдө тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана музейлештирүү менен байланышпаган кандай болбосун чарба, курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-23)
