22-берене. Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөр
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
1. Байыркы көрүстөндөр, массалык репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн жайлар, ошондой эле тирүү кезинде республиканын мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун баатыры статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар көмүлгөн көрүстөндөр тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөр болуп саналат.
2. Каза болгондорду тарыхый-маданий мааниге ээ болгон аймактарга көмүүгө тыюу салынат.
3. Массалык репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жайларда, ошондой эле байыркы көрүстөндөрдө тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана музейлештирүү менен байланышпаган кандай болбосун чарба, курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002783/st-22" title="22-берене - Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>