# 21-берене. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049564)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783#diff=4298..57003>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 21-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-21

---

1. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайлар каза болгондордун сөөгүн алардын керээзин эске алуу менен же болбосо маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын чечими боюнча жайга коюу үчүн, ошондой эле туугандары алып кетпеген туугансыз жансыз денелерди көмүү үчүн багытталган.

2. Сөөк коюлуучу муниципалдык жайларда сөөктү көмүү дин тутуу, аскердик жана жалпы таанылган моралдык, этикалык принциптерге карама-каршы келбеген башка үрп-адаттарды жана каада-салттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

3. Каза болгондордун сөөгүн коюу үчүн муниципалдык көрүстөндөрдөн ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жер участогу берилет.

4. Муниципалдык көрүстөндөрдүн иш тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-22)
