# 20-берене. Сөөк коюлуучу жайларды (көрүстөндү) пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата талаптар

- Документ: [Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230002783/edition/4298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230002783/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, 20-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-20

---

1. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Сөөк коюлуучу жайлардын абалын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана экологиялык контролдоо санитардык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Сөөк коюлуучу жайлардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жагымсыз таасир этүү фактыларын аныктоо үчүн санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тутуму түзүлөт. Санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүүгө, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерине карата санитардык жана экологиялык талаптар бузулганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сөөктү коюу боюнча ишти токтотуп турууга же токтотууга жана жол берилген бузууларды жок кылуу жана сөөк коюлуучу жайдын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө, тарыхый-маданий мурас объекттерине жагымсыз таасирин жоюу боюнча, ошондой эле сөөк коюлуучу жаңы жайды түзүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230002783/st-21)
